Баткенде селдин кесепеттерин жоюуга 400 дөн ашык киши тартылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 11-июлда, саат 13:50гө карата Баткен районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар тартылып, калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылып жатат.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМден жалпы 131 куткаруучу, экскаватор, 2 тралл, жүктөгүч, ал эми ИИМден 47 милиционер, 5 грейдер чыкты. Ошондой эле “Тез жардам” кызматынан 35 медкызматкери, 4 бригада иштөөдө.

Суу чарба кызматынан жүктөгүч, жаныбарларды коргоо кызматынан 7 кызматкер, РЭТтен 17 электрик, атайын эки техника, СЭСтен 7 кызматкер, 1 атайын техника, инженердик кызматынан 8 кызматкер, атайын эки техника, материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана чыгаруу кызматынан 3 кызматкер, №2 жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 150 адам, жалпы 405 адам, 20 техника тартылды.

10-июлдагы жаандан келген сел суулары үйлөргө, ички чарбалык жолдорго кирип, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагында 11-июлда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Сел каптаган жерлерден тургундар эвакуацияланды.

Сүрөт: ӨКМ

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты