Баткенде сел келген аймактарда тактоо иштери жүрүүдө

  • 1 год мурун

Баткенде сел келген аймактарда тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13- июнь күнү саат 9:30да Баткен районунун акими, ӨКМ кызматкерлери, архитектура, Санэпидкөзөмөл жана медицина кызматы, №2 Жол тейлөө жана Ветеринардык кызматынын өкүлдөрү жаап өткөн жаандын кесепетин жоюу жана текшерүү максатында жумуш алып барууда.

Кечээ, 12-июнь күнү саат 19:40тар чамасында Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылында, Кара-Токой, Боз-Адыр жана Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылында нөшөрлөп жааган жаандан улам 200 метр ички чарбалык арык жана 25 чарбак тилкесине сел суулары кирген. Эгин талааларын зыянга учураткан эмес. Ал эми Айгүл-Таш –Согмент –Таян жолунун 5-8-чакырымдарында, ошондой эле 10-17-чакырымдарында да сел түшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты