Баткенде сарайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 2 года мурун
Баткенде сарайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
15-август күнү Баткен районунун Бужум айылында сарайда өрт чыгып, бул тууралуу Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө маалымат түшкөн. Жалын өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан саат 19:27де чектөөгө алынып, саат 20:23тө толугу менен өчүрүлдү.
Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен сарайда сакталган 5 мүшөк өрүк, 40 даана шифер, 50 даана торсун, 24 даана айырмач (стропила), 120 м рейка чыгымга учурады.
Өрттүн себеби такталууда.
Муну бөлүшүү