Баткенде сарайдан чыккан өрт чектөөгө алынды
- 2 года мурун
Баткенде сарайдан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 28-март күнү саат 13:20да Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү участкасындагы Досматов көчөсүндө сарай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Кадамжай шаарындагы №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүмдө 3 өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылып, кошумча күч катары 2-бөлүм саат 14:15де чыгышты. Саат 14:44кө карата жалын курчоого алынды. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү