Баткенде сарайда чыккан өрттөн 117 даана таңгакталган тоют чөп өрттөндү

  • 2 года мурун

Баткенде сарайда чыккан өрттөн 117 даана таңгакталган тоют чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында сарайдан өрт чыккан.

Аталган айылдын тургуну А.А. таандык үйдүн сарайындагы тилсиз жоонун кесепетинен 60 даана шифер, 140 метр рейка, 24 даана айырмач, 40 метр устун жана 117 даана таңгакталган чөп чыгым болгон.

3 өрт өчүрүүчү куткаруучунун ыкчам аракети астында жалын саат 16:20да чектөөгө алынып, саат 17:15те толугу менен өчүрүлдү.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты