Баткенде оюн-зоок, майрамдарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

Баткенде облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө 2023-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 14-16-17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлери куралдуу кол салган окуяга байланыштуу кабыл алынган.

«Шейит кеткен жарандардын, 200гө жакын жарадар болгон жарандарыбыздын жана үй жайсыз калгандардын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынды», — деп айтылат маалыматта.

Баткен шаардык мэриясы киргизилген чектөөлөргө ылайык, шаар тургундарына түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берет.

Чектөөлөр киргизилген майрамдар:

  1. «Балаты — 2022» майрамы;
  2. «Нооруз — 2023» майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин)
  3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштурууга;
  4. 8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;
  5. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
  6. 1-июнь балдардын эл аралык күнү;
  7. 9-май Улуу Жеңиш майрамы;
  8. 31-август Эгемендүүлүк күнү;
  9. «Балаты- 2023» майрамы.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты