Баткенде мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен шаарындагы мурдагы кирпич заводунун мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин кайра мамлекеттик менчике кайтарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда жайгашкан, аянты 8,63 гектар болгон жер тилкеси Т.М. аттуу жаранга мыйзамсыз негизде жеке менчикке берилгени аныкталган. УКМК жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында жаран Т.М. өзүнүн аракетинин мыйзамсыз экенин моюндап, жер тилкесин ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарып берди.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тартипте териштирүү жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты