Баткенде мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн жаран кармалды

  • 2 года мурун

Баткенде мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну Н.О. Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккандыгы аныкталып, кармалды. А

зыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты