Баткенде мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөнгө шектелген эки жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Лейлекте мыйзамсыз ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөнгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Суулуу-Сай жайлоосунда Тогуз-Булак айыл аймагынын 60 жаштагы жана 58 жаштагы эки тургуну мыйзамсыз эч бир документтери жок сайсыз 2 даана ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн кезде кармалды.

Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты