Баткенде мамлекеттик каражаттарды ыйгарып алганга шектелип муниципалдык ишкананын директору кармалды

  • 4 месяца мурун

Баткен облусунда мамлекеттик каражаттарды ыйгарып алгандыгы үчүн муниципалдык ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран аталган райондун муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеп, банктагы жеке кызыкчылыгынан пайда табуу максатында ишкананын эсебинде субсидия катары түшкөн бир миллион сомду алып, акчанын бир бөлүгүнө «Мерседес-Бенц Спринтер» автомашинасын сатып алып, өз атына каттатып, калган акча каражатын өзүнө ыйгарып алган.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыбы угузулган. Сот тарабынан бөгөт коюуц чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты