Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу башталды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевге шилтеме берип жазды.

Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт да. Талашып-тартышып отуруп, анан бир макулдашууга келебиз. Анын үстүнө азыр өтө оор жерлер калган. Ошондуктан бири-бирибизге далилдерди келтирип ошонун негизинде орток пикир табылып чечилет”, — деп билдирген Назирбек Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты