Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу өттү
- 12 месяцев мурун
Баткен шаарында 22-28-октябрь күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги отуруму өттү.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын сыпаттоо маселелерин талкуулашты.
Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
Муну бөлүшүү