Баткенде коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан айыл башчыларынын үй камактагы мөөнөтү узартылды

  • 2 года мурун

Баткенде коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан айыл башчыларынын үй камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына жактоочу Асылбек Кунгуров билдирди.

Анын айтымында, Баткен облустук прокуратурасы аларды үй камагынын шарттарын бузду деп негиз келтирип, бөгөт чарасын камакка өзгөртүүнү суранган. Прокуратуранын өтүнүчү четке кагылып, алардын үй камактагы мөөнөтү 24-июлга чейин узартылды.

«Саат 22:00дөн кийин милиция кызматкерлери үй камагындагылардын эшигин такылдатса ачкан жок деп маалымат берилиптир. Маалымат далилденген жок. Эми алар жалган маалымат берген милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданышат», — деди жактоочу.

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлектеги жер бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыздыктар тууралуу айтып чыккан. 23-мартта башкы прокуратура Исаковдун материалы боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган.

Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Баткен облустук соту 13-апрелде алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты