Баткенде кооптуу тилкелерде жашаган жашоочуларга эскертмелер берилди

  • 2 года мурун

Баткенде кооптуу тилкелерде жашаган жашоочуларга эскертмелер берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаз алды менен ӨКМ тарабынан таш кулоо, жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул ирет Баткен районунун Алтын-Бешик, Кара-Бак жана Төрт-Гүл айыл өкмөтөрүнүн Согмент, Газ, Кыштут, Кан, Сары-Талаа, Жаңырык, Кайыңды, Кара-Бак жана Ак-Өтөк айылдарындагы кооптуу аймакта жашаган 67 турак үй ээлерине эскертме баракчасы берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты