Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 6-май күнү саат 11:58дер чамасында Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында катталган. Лейлек районунун Булак-Башы айылынан 7 километр түштүк-чыгышта, 8 километр түндүк-чыгышта жайгашкан. Кольцо айылы жана Сүлүктү шаарынан 10 километр түндүк-чыгышта, Бешкент айылынан 15 километр түштүк-батышта, Карл Маркс айылынан 17 километр батышта, Исфана шаарынан 20 километр түндүк-чыгышта, 100 километр Баткен шаарынын батыш тарабында деп белгиленет. Ал эми калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Булак-Башы, Кольцо айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында, Бешкент жана Карл Маркс айылында 3 балл, Раззаков шаарында 2,5 баллга жеткен.Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты