Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү саат 04:07де Баткен облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Муну бөлүшүү