Баткенде издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунан кармалды

  • 3 месяца мурун

Баткенде издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткендин И.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анын райондук сот тарабынан конфискацияланган автоунаасын чыгарып берем деп, ишеничине кирип 280 миң сом акчасын алып, ишин аягына чыгарбастан изин жашырып качып кеткен жарандын үстүнөн кайрылган.

Бул арыз 10-январда Баткен ШИИБдин КБРне Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталып, издөө иши ачылган.

Баткен ШИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Ыссык-Көл облусунун Каракол шаарынын 41 жаштагы С.Р. аттуу тургуну Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылынын ыкчам маалыматтардын негизинде аныкталып кармалып, Баткен шаарына алынып келди.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты