Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды

  • 2 года мурун

Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы А.К. аттуу тургуну 2021-жылдын май айынан бери ЖПКнын айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу беренеси менен издөөдө жүргөн.
Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде, Баткен РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 28 жаштагы А.К. 2022-жылдын июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен РИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты