Баткенде ири көлөмдөгү маңзат менен Ооганстандын жараны кармалды

  • 2 года мурун

Баткенде баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга шек саналып Ооганстандын 42 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүнүн жанынан 6 кг 942 гр героин жана 9 кг 550 гр гашиш табылган. Маалыматта кармалган адам бул заттарды Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө алып өтүүнү көздөгөнү айтылат.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, шектүү Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө шектүү деструктивдүү диний агымды жактаган адам экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты