Баткенде эвакуацияланган тургундарга психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат

  • 2 года мурун

Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 15 адис психологиялык жардам көрсөтүп жатат.

Учурда Лейлек районунда сегиз, Баткенде эки, Кадамжай районунда үч, Боз-Адыр айылында эки адис жардам көрсөтүүдө.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунан 8 дарыгер жардам көрсөтүү үчүн учуп кетти.

Ошондой эле эвакуацияланган тургундарга жеринде психологиялык жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунан дагы кошумча 5 адис Баткен облусуна жөнөп жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты