Баткенде элди чоң суммага алдоого шектелип, жаран кармалды

  • 4 недели мурун

Баткен районунун 36 жаштагы тургуну элди 216 миллион сомго алдап кеткен деп шектелип, кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) 42 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, анда жогорудагы жаран анын ишеничине алдоо жолу менен кирип, 5 млн 592 миң рублга алдап кеткенин билдирген.

Мындан тышкары Баткен РИИБге Баткен облусунун 24 тургуну ушул эле кармалган жарандын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылышкан. Тергөө ишинин жыйынтыгында жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгымдын суммасы 216 млн сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин «Алдамчылык» негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты