Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу атайын штаб түзүлдү

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда чек арадагы абал чыңалуу бойдон калууда. Эки тараптан топтолгон жарандар тарай элек.

«Жаңжал орун алган аймактан элди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан коопсуз жайга чыгарылууда. Учурда Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

луттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты