Баткенде чек арачы этиятсыздык менен өзүнүн кызматташын атып алды

  • 1 год мурун

Баткен облусунда чек ара бекетинде чек арачы өзүнүн кызматташын атып алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, З.Ж. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматын этиятсыздык менен колдонуп жатып, капыстан ок чыгарып алган. Жаракат алган адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал алган жарааттан өзүнө келбей каза болгон.

Бул факт боюнча тиешелүү органдарга кабар берилип, Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты