Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктарына эстелик орнотулду

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.
Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары, облустун активи катышты.

Эстелик мемориалынын автору, жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты