Баткенде чакан ГЭСтин биринчи агрегаты курулду

  • 2 года мурун

Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭСтин биринчи агрегаты аяктап, ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы ГЭСтин курулуш иши  жеке ишкер тарабынан башталган. Долбоорго жалпы 7 миллион  доллар инвестиция салынып, биринчи каскаддын курулушуна 800 миң АКШ доллары жумшалды. Биринчи агрегаттын электр энергиясын иштеп чыгуудагы кубаттуулугу 1 мегаватт болот.

Маалыматка ылайык, ГЭСти 5 каскад менен куруу пландаштырылган. Учурда Кыштут дарыясында эки бассейн, 700 метрлик канал курулуп, беш чакырымдык электр мамычалары орнотулуп, электр зымдары тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты