Баткенде аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерин ташып бара жаткан жүк кармалды

  • 1 год мурун

Аткезчилик жол менен «аммиак селитрасы» жана «карбамид» минералдык жер семирткичтерин ташып бара жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралда Кыргызстандан коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюшту. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап “аммиак селитрасы” минералдык жер семирткич жана 163 кап “карбамид” менен кармалды. Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келген. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты