Баткенде аткезчилик жол менен 1 миллион сомдук товарды алып өткөн жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

Баткенде 1 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан  Кадамжай районунун Кайтпас айылынан коңшу өлкөнүн жараны 1989-жылы туулган А.А. кармалган. Ал “DAMAS DLX” үлгүсүндөгү автоунаасында өз өлкөсүндө чыгарылган кездемелерди, кийим-кечектерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө шектелүүдө.

Баткенде аткезчилик жол менен 1 миллион сомдук товарды алып өткөн жаран кармалды


Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган жаран жалпы баасы 1000000 сомго жакын товарларын Кыргыз Республикасына “Кайтпас” убактылуу көзөмөл өткөрүү пунктунан аткезчилик  жол менен мыйзамсыз алып өткөнү аныкталган.   

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 231-беренесинин 1-бөлүмү менен (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты