Баткенде апта ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузган 710 айдоочу аныкталды

  • 2 года мурун

Баткен облусунда бир жума ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузган 710 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен мас абалында автоунаа башкарган -22, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган -16, кыймылдын белгиленген ылдамгынан ашырып айдаганы үчүн -129, башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн -542, терезесин караңгылатып айдаган-1 айдоочу аныкталды.

Убактылуу токтотуучу айып короого -29 автоунаа токтотулду.

12-декабрдан 18-декабрга чейин бир жума ичинде Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты