Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун

Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында С.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөндүгүн айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 38 жаштагы С.С. Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты