Баткенде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

  • 7 месяцев мурун

Баткенде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Бул факты Кадамжай РИИБдин КБРне кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кызматкерлерге тергөө тапшырмасы берилген. «Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын ким экендигин жана анын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзө баштайт. Кылмышка шектүү 38 жаштагы Б.А. чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталып, Сузак РИИБдин кызматкерлеринин жардамы менен Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүүнү Сузак районунан кармап келишти», — деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты