Баткенде 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

  • 10 месяцев мурун

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Диний чөйрөдө алдын алуу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тиешелүү мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Топтун курамына УКМКнын, ИИМдин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, башкы архитектуранын өкүлдөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү киришти. «Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп, белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний билим берүү мекемелеринде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу эсептелет. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди. Мындан тышкары 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 материал маалыматтарды каттоо журналына катталды», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты