Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө куткаруучулар менен биргеликте жергиликтүү тургундар дагы тартылды

  • 2 года мурун

Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө куткаруучулар менен биргеликте жергиликтүү тургундар дагы тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Д. Р. аттуу 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоогокетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан бойдон дайынсыз болууда.

Издөө иштерине Баткен шаарындагы ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, жергиликтүү элден 50 жаран, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты