Баткенде 10 миң орундуу футбол стадиону курулат
- 10 месяцев мурун
Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Объектинин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Стадиондо үч чоң жана төрт кичи футбол аянтчалары болот. Ошондой эле спорт комплексинде 120 орундуу беш кабаттуу жатакана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болот.
Эске салсак, Өзгөн шаарында жаңы стадион ачылып, Ош шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталган.
Муну бөлүшүү




