Баткенде 1-класстын окуучусу каза тапты. Анын кутурмадан каза болгону болжолдонууда

  • 2 года мурун

Баткенде облусттук ооруканага кутурманын симптомдору менен түшкөн мектеп окуучусу каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан алынган маалыматка караганда, бала ооруканага кутурманын белгилери менен келип түшкөн.

«Буга байланыштуу ага «кутурма» деген клиникалык диагноз коюлган. Бирок бейтаптын жакындары анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүдөн кескин баш тарткандыктан, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок», — деп билдиришти мекемеден.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты