Баткен: жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз (Марказ) айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айрыбаз айыл аймагында 2017-жылы 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол эле учурда бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жер тилкелери Айрыбаз айыл аймагына кирбеген административдик аймактын жашоочуларына дагы берилип кеткени аныкталган.

Учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты