Баткен жана Согд облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-январда саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмоналинин телефон сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматта тажик тарап ок атышууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылганы, бирок саат 22:30га карата тажик аскерлери Кыргызстандын ички аскерлеринин позициясын атып жатышканы айтылат.

Маалыматка ылайык, атышуу Эки-Таш, Кум-Базар жана Чыр-Дөбө жерлеринде болуп жатат. Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты