Баткен: тажик аскерлери жардырып жиберген көпүрөнүн жанына жаңы көпүрө курулду

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолунунун 7-километринде жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көпүрөнү «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы курду.

17-сентябрда Көк-Таш — Ак-Сай —Тамдык унаа жолунун Дача-Чайкана участкасында тажик аскерлери Ак-Суу дарыясына орнотулган 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен. Бул көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды жеткирүүчү эң керектүү өтмөк болгон. Жаңы көпүрө аталган көпүрөнүн жанына курулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты