Баткен ОИИБ: «Жазага тартылган милиция кызматкерлеринин блогер Жолболдуеванын ишине тиешеси жок»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-май күнү Акыйкатчы институтуна шилтеме берүү менен айрым маалымат агенттиктер “блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине сөгүш берилип, бир кызматкер кызматынан бошотулду” деген таризде маалымат чыккан.

Бул маалыматка Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берет. Баткен ОИИБдан түзүлгөн топ барып, Баткен РИИБнин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган. Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 15-апрель күнү корутунду чыгарат. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдөгү Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБнүн кызматкерлеринин тиешеси жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты