Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев генерал-майор наамын алды
- 2 года мурун
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев генерал-майор наамын алды.
Алимбаевге генералдык чинди бүгүн, 29-декабрда президент Садыр Жапапов ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачуу аземинде тапшырды.
Абдикарим Алимбаев 1973-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал 2014-жылдан тарта Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында иштеп, 2021-жылдын 6-майынан бери президенттин Баткен облусундагы өкүлү кызматын аркалап келет.
Муну бөлүшүү