Баткенде мектептен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Сары-Дөбө» орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМден билдиришкендей, өрттүн жалпы аянты 270 чарчы метрди түзүп, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин эки бөлмөсү, коридору, чатыры жана эки класстык бөлмөнүн айрым жерлери күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты