Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи отуруму өттү

  • 2 года мурун

29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен шаарында уюштурулган иш-чарада 2021-2035-жылдарга карата Баткен облусун өнүктүрүүнүн жол картасын ишке ашыруу маселеси талкуулады.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык 2022-жылдын февралында түзүлгөн.

Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүүнүн зарылчылыгын айтып, өзгөчө чек арага чектеш айылдардагы калкты социалдык камсыздоо жана мамлекеттик колдоо маселелерине токтолду.  Ошондой эле Баткен облусунун айылдарынын инфратүзүмүн, айрыкча жолдордун абалын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Муну менен катар инвестиция тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселеси талкууланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты