Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды

  • 11 месяцев мурун

Баткен облусунда лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея уюштурган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Баткен райондук ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Лотереялар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган КР жарандары аныкталган.

Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91785
Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91786
Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91787
Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91788
Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91785 (preview)Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91786 (preview)Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91787 (preview)Баткен: Лицензиясы жок мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды #91788 (preview)

Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды. Уюштуруучулар лотерея билеттерин (жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 миң 800 даана сатып) Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан.

Бул факты боюнча «Мыйзамсыз ишкердик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүүлөрдүн жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты