Баткен: чек арадагы кагылышта жабыркагандар үчүн чогултулган каражаттан 188 млн сом калды

  • 1 год мурун

Өткөн жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышта жабыр тарткан жарандар үчүн атайын эсепке чогултулган каражаттан 188 млн сом калды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын эсепке жалпы 349 млн сом чогулган. Учурда анын 161 млн сому коротулду. Эсепте дагы 188 млн сом калды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоого келип түшкөн ыктыярдуу каражаттарды топтоо жана максаттуу бөлүштүрүү үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казынасында жана «РСК Банк» «Айыл Банк» коммерциялык банктарында улуттук жана чет элдик валютада атайын эсептер ачылган.

Чыгымдарды президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жүргүзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты