#Баткен: “Апа, үйгө барбай эле туралычы”. Агрессиянын айыкпаган изи (Фоторепортаж)
- 2 года мурун
- Баяндар, Фоторепортаж
Тажикстандын 14-17-сентябрь аралыгында Кыргызстанга жасаган куралдуу кол салуусунан миңдеген жай тургундар жабыркады. Каза болгондордун саны 62ге жетип, 137 миңге жакын адам өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Биз бул жолку фотобаянда куралдуу кол салуудан кийин үйүнөн жана жакын адамдарынан ажыраган тургундардын жашоосун баяндап беребиз.
Ый менен коштолгон баарлашуулар
Куралдуу агрессиядан бир жума өткөндө Баткен шаары бир аз жанданып, базарларда бирин-серин сатуучулар өз ордуларына кайта башташты. Сырттан караганда шаарда кадимки турмуш уланып жаткандай сезилгени менен дээрлик баарынын жүрөгүндө чек арага байланыштуу муңу бар эле.
“Кандайсыз, жакшы жүрөсүзбү?” деп башталган тургундардын маеги көпчүлүк учурда ый же “өхх” деген үшкүрүк менен коштолуп жатканын көп көрүүгө болот. Бул нерсени кары-жашы, аял-эркеги дебей баары бирдей туюп жатканын да аңдоо кыйын эмес. Анткени чек ара чырынан эң көп дал ушул жай тургундар жабыркаган.
“50 жылдык мээнетибиз күл болду…”
Чек-арадагы куралдуу кол салуудан кийин Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркап, анын ичинен 427си жашоого таптакыр жараксыз деп табылган. Көпчүлүк учурда чек-арага жакын жайгашкан айылдар толугу менен өрттөлгөн.
Тажикстан менен чектеш жайгашкан Достук айылынын тургуну Зияда Максытованын айтымында, куралдуу кол салуудан айылдагы 95% элдин үйү тонолуп, өрттөлгөн.
“Биздин айыл Баткендеги эң чек-арадагы айылдардын бири. Дарыянын аркы бети Тажикстан болсо, берки бети Кыргызстан. Жыл сайын эле ар кандай чыр-чатактар болуп келет. Былтыры болгон жаңжалда 70 үйдөн 10у өрттөлгөн болсо, быйыл 65 үйдү тоноп, өрттөп кетишиптир. Тоносо дагы өрттөбөй эле коюшпайбы деп жүрөгүбүз тилинип турат. Жолдошум экөөбүз көп жылдан бери тапкан-тергенибизди ушул жерге жумшап келе жаттык эле. Азыр эми үйүбүз жок үстүбүздөгү бир кийим менен калдык. Биз дагы үй табылат деп өзүбүздү сооротуп жатабыз, бирок кээ бирлери жакындарын жоготту, аларга он эсе кыйын болду”, — дейт Зияда.
Алар жолдошу экөө атайын келип, өрттөлгөндөн калган буюмдарды алып чыгууга аракет кылышкан.
Зияданын айтымында, бир казан жана ондон ашык банкадан башка баары күл болгон.
“Айылга кирип келе жатканда жүрөгүм сыгылып, үйүмдүн кебетесин көргөндө эс-учумду жоготуп араң өзүмө келдим. Мурда бака-шакага толуп турган айылыбыз 2-3 күн ичинде таанылгыс болуп калыптыр. Азыр айылда эч ким жок. Биз дагы кечки саат 18:00гө калбай кетебиз. Ал эми күйгөндөн калганы ушул оокат экен…”, — дейт Зияда ыйламсырап.
Тилекке каршы, Зияданын тагдырын Баткендин чек-арага жакын жайгашкан айылдарындагы миңден ашуун тургуну башынан өткөрдү. Үй жайынан ажырагандардын кээ бирлери Баткен шаарындагы убактылуу баш калкалоочу жайларга, дагы башкалары болсо өлкөнүн булуң бурчуна качууга аргасыз болушту.
“Балдар түндө селт деп ойгонуп, катуураак добуштан чочуп калышты”
Куралдуу агрессия учурунда тургундардын баш калкалоосу үчүн Баткен шаарында бир канча жерде орун ачылган. Көпчүлүгү мектептердин спорт залынан башпаанек табышкан. Көп өтпөй бийлик тарабынан эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө кайтуусуна уруксат берген чечим кабыл алынса да, үйү толугу менен күйүп кеткендер андан ары да бул жерлерде баш калкалоого аргасыз болушкан.
Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев мектебинде 28-сентябрга карата 102 адам күн кечирип жатты. Алардын спорт залда жашап жаткандарына он күндөн ашык убакыт болгон.
Спорт залга кирер замат алгач эле жерге төшөлгөн матрастар жана ары-бери ойноп жүргөн жаш балдар көзгө урунат. Ал эми кечки тамактан келген аялдардын кээ бири балдарын карап, дагы бирилери топ-топ болуп кобурашып отургандарын көрүүгө болот.
Дал ушундай бейкапар үйдө отурганда баары башталды дейт Миң-Булак айылынын тургуну Айсалкын.
“Үйдө бейкапар отурган убакта автоматтын үндөрүн уга баштадык. Токтоп калат деген үмүт менен күтүп отурдук. Бирок, тескерисинче, күчөп, айыл тарап туман боло баштады. Ошондо гана үч баламды жетелеп, машинага араң илешип калдым. Кийин билсем биздин үй дагы күйүптүр. Азыр бул жакта балдарым жана апам менен күн кечирип жатабыз. Балдар болсо катуу үндөн болушунча коркуп калышкан.. Азыр бираз тарсылдаган үн чыкса эле элеңдеп калышат. “Апа, үйгө барбай эле туралычы” деп айтып калышат”, — дейт Айсалкын.
“Аялдар туткунга түшүп калбаса экен деп тиленем…”
Спорт залда отурган ар биринин ар кандай окуясы бар. Бири-биринин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышып, өрттөнгөн үйлөр тууралуу баарлашуудан болушунча качканга аракет кылышкансыйт. Ага карабай, “Үй эле жакшы өзү” деген жөнөкөй сөздөн эле баарынын мууну бошоп, көзгө кылгырган жашты жашырууга чамалары келбей калат.
Капчыгай айылынын тургуну Айгүл Исаеванын айтымында, бул жерде бири ыйласа экинчиси күчтүүрөөк болуп көз жашын аарчыганга аракет кылат.
“Биздин дагы 20 жыл бою курган үйүбүз күйүп кетти. Жолдошум көрсөңөр ыйлайсыңар деп бизди айыл жакка алып барган жок. Айыл талкаланып кеткен дешти. Балдарым менен атышуу башталганда качып чыкканбыз, ошондон бери ар кайсы жерде жашап жүрөбүз. Ушунча адам каза болду, үйлөр күйдү, кордолдук ошолорду эстегенде баарыбыз ыйлап чыгабыз. Бирок бир жолу кайгыга чөгүп кетпейли деп бири ыйласа экинчибиз сооротуп келе жатабыз”, — дейт Айгүл Исаева.
Айгүл куралдуу агрессия учурунда каршы тарапка аялдар туткунга түшүп калбаса экен деп тиленерин белгилейт.
“Аял киши болгон үчүнбү айтор, өткөнкүдөй канкорчулук болуп жатканда эч ким туткунга түшпөсө, өзгөчө аялдар түшүп калбаса экен деп абдан жаман болдум. Анткени, андай жыртыкччылык болсо аялдар кордолуп калары бышык. Ошондуктан күнү-түнү чек ара маселеси чечилип, элибиз тынч жашаса экен деп тиленип жатабыз”, — дейт Айгүл.
Отургандардын арасында, Ашыргүл аттуу айым болсо кол салуу учурунда жолдошунан айрылып калганын айтат:
“Жолдошум мал карап жүргөн экен. Бир убакта коңшулар чогулуп жатканын көрүп барганда, аркасына ок тийип, жыгылып калыптыр. Коңшуларыбыз тез жардам чакырып Раззаков шаарындагы ооруканага алып келишиптир. Биз дагы эвакуация болуп качып жүрдүк эле. Чалсак такыр алган жок. Кийин “Жусупка ок тийиптир” дегенин угуп нес болуп калдык. Тийген огунан жакшы боло албай каза болуп калды. Аркасында бир уулу калды”, — дейт Ашыргүл көз жашын тыя албай.
“Өлгөндө эки метр жерди ээлейбиз, ушунча мыкаачылыктын кереги бар беле…”
Спорт залда күн кечирип жаткандардын эң кичүүсү бир жашта болсо, эң улуусу 70 жашта.
70 жаштагы Ибадат апа акыркы болуп өткөн кандуу окуялардан кийин жаштардын келечегине кабатыр болуп жатканын баса белгилейт.
“Согуштан эч ким жакшылык тапкан эмес. Ушунча мыкаачылык менен жасалган иштерди угуп, жакабызды кармадык. Менин жашым деле бир топко барып калды, өзүм үчүн эмес балдар неберелер деги эле жаштардын жашоосуна кабатыр боло берем. Эртерээк бул маселе оң жолуна чечилип, эл тынч жашаса экен деп отурабыз. Эч ким түбөлүктүү эмес да, ошондуктан бирөөнүн жерине көз артпай, адамдар тынчтыкта эле жашаса болмок”, — дейт Ибадат апа.
Бул убакта түн кирип, спорт залдын ичи да тынчый баштайт. Жалаң полдун үстүнө ташталган матрастын үстүнө жаткан соң, баары өз ойлору менен алпурушуп калышкансыйт.
Кээ бирлерин эртеңки күн түйшөлтсө, дагы бирилери бул каргашалуу окуя акыркы болсо экен деген үмүт менен таң атырды.
Автор: Гулиза Урустамбек кызы
Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалды. Материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.