Батирге уурулукка кирүүгө шектүүлөр кармалды  

Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын  нөөмөт бөлүмүнө Н.Т. аттуу жаран арыз менен 26-апрелде  кайрылган. Анын Сокулук районундагы батирине кирип, 1000 АКШ долларын, 15000 сомун, чөнтөк телефондорун жана күмүш буюмдарын алып кеткендигин айткан. Жалпы чыгаша 120000 сомду түзгөн.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Уурулук жасап жатканда батирге үй ээсинин кызы кирип келгенде, анын көзүнө баллондон зат чачып качып кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон (каракчылык).
Бул иш боюнча кылмыштуу топ кармалган: 1987-жылы туулган Чүй облусунун тургуну, мурда соттолгон, кылмышты уюштуруучу Ж.Б., 1962-жылы туулган Чүй облусунун тургуну, мурда
соттолгон Б.В. жана 1996-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну, мурда соттолгон А.Ж..
Учурда аталган жарандардын башка кылмыштарга тийиштигин текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Башкы сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты