Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты

  • 2 месяца мурун

Башкы прокурордун биринчи орун басары Улукбек Султанов кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 8-июнда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин башка жарлыгы менен башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Баймурза Маатов дайындалды.

3-июнда мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине байланыштуу 5-июнда анын ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Максат Асаналиев дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты