Башкы прокурор менен ички иштер министри аймактарды кыдырат

  • 2 года мурун

Башкы прокурор менен ички иштер министри аймактарды кыдырат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаров өлкөнүн аймактарына иш сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлө турганын айтты.

«Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт. Дал ошол себептен мамлекет башчыбыз башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду», — деп билдирди Султанбаев.

Эл менен жолугушуу графиги:

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чуй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.

Жергиликтүү калк аталган органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроо талабы болсо ошол жерден жетекчилигине кайрыла алышат.

Ошондой эле, адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандардын жакындары да чогулушка келип, маселелерин жеринде жеткире алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты