Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилгенден кийин прокуратуранын кызматкерлеринин президент Садыр Жапаровго жиберген анонимдүү каты делген кайрылуу тарады.  Анда Зулушев кызматтык абалынан пайдалануу менен кызматкерлерди өз кызыкчылыгына жараша ротация кылып, бир катар мыйзам бузууларды жасаганы белгиленет. Мындан сырткары Курманкул Зулушевдин жакын туугандары 2021-жылдан баштап бир канча ири компанияларга ээлик кылганы айтылган. Катты чынында эле прокуратура кызматкерлери жазганын аныктоого мүмкүн болгон жок.

“ПолитКлиника” медиасы катта айтылган Зулушевге тиешеси бар делген компаниялар тууралуу маалыматты текшерип көрдү. 

4-июнь күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев убактылуу кызматынан четтетилди. Мындай тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Тескемеде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу экени белгиленген.

Эске салсак, Курманкул Зулушев 2020-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. 

Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү компаниялар 

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, Курманкул Зулушевдин туугандары бир канча компанияга ээлик кылышат. Алардын бири “Радуга Пром Строй” компаниясы. 

ОсОО “Радуга Пром Строй” компаниясы 2021-жылы сентябрь айында каттоодон өткөн. Директору Асанов Нурисбек Асанович. Дагы бир негиздөөчүсү Семетеев Маматкарим Алтынбекович. «ОсОО.KG» базасында компаниянын директору катары Токторалыев Барсбек Курманкулович көрсөтүлгөн. Бирок «ОсОО.KG» базасында Барсбек Токторалиев 2022-жылы 3-июнда директору болуп катталган. Фамилиясы боюнча, Барсбек Курманкулович, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин уулу болушу мүмкүн. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 

Интернет айдыңында Барсбек Токторалыевич тууралуу көп маалымат жок. 

Минюсттун базасындагы маалыматка ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эки бир тууганына компаниялар катталган. Алар:  “Ырыс Ордо”, “Рыс Гидро”, “Жагы Гидро” компаниялары. 

ОсОО “Ырыс Ордо” Минюсттун базасына 2019-жылы катталган. Ал эми 2022-жылдын 29-апрель айында кайра каттоодон өткөн. «ОсОО.KG» базасынын маалыматына ылайык, буга чейин “Ырыс Ордо” компаниясынын негиздөөчүсү Камчыбек Ташиевдин уулу — Ташиев Тимурлан Камчыбекович болгон. Бизнести сатып алганбы же кандай шартта алмашылганы белгисиз. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 
Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 

Белгилей кетсек, Тимурлан Ташиев буга чейин 2013-жылы уурулукка шектелип кармалганы жазылган. Бирок кийинчерээк иш жабылган. 

“Ырыс Ордо” компаниясы Ош шаарында имараттарды куруу менен алектенет. ОСООнун базасында компаниянын директору Рысбеков Майрамбек Нурбаевич деп көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигинин  маалыматына ылайык, компаниянын негиздөөчүлөрү — Рысбеков Майрамбек Нурбаевич, Абиев Нурланбек Маматисаевич, Зулушов Дарманкул Токторалыевич, Маматов Эрлаи Акматкалиевич. 

Жогоруда белгиленгендей, Зулушов Дарманкул Токторалыевич Курманкул Зулушевдин бир тууганы. Рысбеков Майрамбек Нурбаевич «Партнер Групп» курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү. Абиев Нурланбек Маматисаевич 2021-жылы Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен аттанган

Мындан сырткары Зулушов Дарманкул Токторалыевич “Жазы Гидро” компаниясында дагы директорлук кызматты аркалайт. 

ОсОО “Жазы Гидро” компаниясы 2017-жылы кайра каттоодон өткөн. Курманкул Зулушовдун иниси Зулушов Дарманкул Токторалыевич бул компаниянын директорлук кызматын аркалайт. Негиздөөчүсү Надирова Назгул Калмурзаевна. Назгул Надирова Курманкул Зулушевдин жубайы экендиги маалым. Жубайы тууралуу маалыматты бизге прокуратура системасында иштеген, анонимдүү калууну каалаган булак билдирди, ошондой эле Курманкул Зулушевдин Одноклассники аккаунтундагы досторунда дагы Низуль Надирова деген колдонуучу бар.

Курманкул Зулушевдин бир тууганы Рыскул Зулушов да компанияга ээлик кылат. 

ОсОО “Рыс Гидро” компаниясы 2022-жылдын 14-апрелинде кайра каттоодон өткөн. Компаниянын негиздөөчүсү жана директору Зулушов Рыскул Токторалыевич. Рыскул Зулушов кызматынан убактылуу четтетилген башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган иниси. Булардын фамилялары бир тамгадан айырмаланып турат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Мекенчил” партиясы менен ат салышкан. Баса, ал шайлоодо Курманкул Зулушев да депутаттыкка “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен ат салышкан. Иниси Ош облусунун сот департаментинин жетекчилик кызматын аркалап келген. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 
Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 

Ошондой эле Рыскул Зулушов “Каймана ГЭС” компаниясынын дагы директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин туугандарына тиешелүү  компаниялар 

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев буга чейин туугандары ээлик кылган компаниялар боюнча комментарий берген эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты