Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти
- 2 года мурун
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 16-июндан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Зулушев 4-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилген.
Бишкек шаардык соту бүгүн, 16-июнда Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды.
Муну бөлүшүү