Башкы прокуратуранын улук тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 11 месяцев мурун

Опузалап пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, опузалап акча каражатын талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У.К. жана анын шериги М.У.А. кармалды.

Кармалган кызматкер тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап талап кылып, пара алганы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш ишин башка органга өткөрүп бергенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүм («Опузалап пара талап кылуу») боюнча кылмыштын негизинде облустун башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.

4 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын бир бөлүгү Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан алынган.

Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги Жалал-Абад шаардык сотунун санкциясы менен УКМКнын Жалал-Абад облусунун башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты